БӨУА «Адам Укуктары Боюнча Эдвокаси Борбору» ӨЭУА 2017-жылдын сентябрынан тарта "Жактоочу аялдардын баяндары: Аял жактоочулар Кыргызстандын түштүгүндөгү аялдардын укуктары коргоодо" долбоорунун ишке ашыра баштады. Долбоордун негизги максаты - жактоочулук кесипти тандаган аялдардын кадырын арттыруу. Бул кесипти тандап алган аялдардын алдындагы кыйынчылыктар жана тоскоолдуктар тууралуу коомчулукка кеңири маалымат таратуу. Аял жактоочу – бул жөн гана адис эмес, ал аял, сүйүктүү жар, камкор эне, аялдардын, балдардын, жана коомдун аялуу катмарынын укуктарын коргоочу. Долбоордун алкагында Долбоордун алкагында "Адам Укуктарын Коргоо боюнча Эдвокаси Борборунун" www.advocacy.kg расмий сайтында "Жактоочулардын баяндары" аттуу мультимедиялык аянтча түзүлөт. Анда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аял адвокаттардын баяндары заманбап ыкмада (лонгрид, инфографика, флеш-презентация видео жана башка жанрларда) коомчулуктын назарына сунушталат. "Аял жактоочулардын баяндары" долбоорунун өнөктөшү болгон «Ынтымак» коомдук аймактык телерадиокомпаниясы аркылуу аял жактоочулардын түрдүү баяндары такай чагылдырылып турат. «Ынтымак» ОРТРКсы менен кызматташтыктын алкагында аял жактоочулардын видео-баяндары да даярдалат. "Жактоочу аялдардын баяндары: Аял жактоочулар Кыргызстандын түштүгүндөгү аялдардын укуктарын коргоодо" аттуу долбоору менен кызматташууга чакырабыз. Кошумча маалымат үчүн "Жактоочу аялдардын баяндары" долбоорунун жетекчиси жана мультимедиалык редактору Наташа Секеринага кайрылсаңыздар болот. Байланыш үчүн тел: +996 (3222) 20130; +996 (559) 905847 Электрондук дареги: advocacy.kg@gmail.com |