«АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЭДВОКАСИ БОРБОРУ» ӨКМӨТТҮК ЭМЕС УЮМДАР БИРИКМЕСИ

ДОЛБООР: «ЖАКТООЧУ АЯЛДАРДЫН БАЯНДАРЫ: АЯЛ ЖАКТООЧУЛАР КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮГҮНДӨГҮ АЯЛДАРДЫН УКУКТАРЫН КОРГООДО»
Ош шаарында өлкө түштүгүндөгү журналисттер жана адвокаттар үчүн макаладагы маалыматтарды лонгрид жана инфографиканын жардамында даярдоо боюнча окуулар
"Адам Укуктары Боюнча Эдвокаси Борборунун" "Жактоочу аялдардын баяндары: Аял жактоочулар Кыргызстандын түштүгүндөгү аялдардын укуктары коргоодо" долбоорунун алкагында Ош шаарында өлкө түштүгүндөгү журналисттер жана адвокаттар үчүн макала даярдоо жана раймий маалыматты ачыкка чыгаруу ыкмалары тууралуу окуулар өткөрүлдү.

Семинарга Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы адвокаттар менен журналисттер катышты.
Адвокаттар жана журналисттер үчүн уюштурулган окууга устат катары маалыматтарды экрандаштыруу боюнча Кыргызстанда белгилүү адис Николай Пихота чакырылды. Ал сабак учурунда маалыматтарды экрандаштыруунун заманбап ыкмаларын көрсөтүп берди. Интернеттеги кызыктуу долбоорлор жана мүмкүнчүлүктөр маалыматтарды жөнөкөй окурманга жөнөкөй кылып жеткирүү машакатын жеңилдетерин көрсөттү.

Андан сырткары окуунун катышуучулары он-лайн интернетте отуруп, «Инфограм» кызматын пайдаланып, инфографика жасоону жана «Тилда» кызматын пайдаланып, лонгрид жасаганды практикада үйрөнүштү.

Бүгүн, маалымат рыногу өтө чоң. Ошондуктан кайсы бир маалыматка элдин көңүлүн буруу үчүн журналисттер заманбап, ыңгайлуу ыкмаларды колдоно алышы керек. Көптөгөн сандар, статистикалык маалыматтар, салыштыруулар жана таблицаларды окуу жана түшүнүү абдан оор. Ошондуктан сан өлчөмдөрдү камтыган маалыматтарды сүрөттөр, инфографикалык салыштыруулар, түстөр жана инфографикалар менен макалада чагылдырса окурман жана көрөрман журт үчүн түшүнүү жеңил жана кызыктуу болот.
Николай Пихота
Окуунун катышуучулары долбоордун багыты жана негизги максаты менен да тааныша алышты. "Жактоочу аялдардын баяндары: Аял жактоочулар Кыргызстандын түштүгүндөгү аялдардын укуктары коргоодо" долбоорунун жетекчиси Наталья Секерина аял адвокаттар тууралуу портреттик сюжеттерди жасоонун өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.
Окуу учурунда реалдуу мисал катары Ош шаарында иштеген жактоочу Ниязбек Кочкоровдун окуясы ойнолду.
"Адам Укуктары Боюнча Эдвокаси Борборунун" юрист-кеңешчиси Улан Бекмуратов жактоочулук кесиптин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди жана суроолорго жооп берди.
Жактоочулук кесиптин өзгөчөлүгү кыска убакыт ичинде өтө көп өлчөмдөгү маалыматты алып, аны тез арада мыйзамдарга салыштырып, талдап чыгуу. Андан сырткары жактоочулар түрдүү кишилердин маалыматтарына ээ болушат, бирок ал маалыматтарды таратпай сактоо жоопкерчилигин дайыма сактап жүрүшөт. Адамдар бул кесиптин маанисин дайыма эле түшүнө беришпейт. Ошондуктан журналисттер бул темада көп берүүлөрдү даярдашы керек. Анткени адамдарда көйгөй жаралганда ишти башынын аягына чейин алып бара турган кесипкөй жактоочуну таппай калышат. Маселен жактоочулар да ар кайсы багытта иштешет: маселен жарандык, административдик жана башка дегендей. Журналисттик макала даярдоодон мурун ошол жакточунун багытын аныктап алуу, чыга турган маалыматты макулдашып, максималдуу чындыкты чагылдырууга аракеттениши керек.
"Адам Укуктары Боюнча Эдвокаси Борборунун" юрист-кеңешчиси Улан Бекмуратов
Окуунун негизги бөлүгү маалыматтарды жөнөкөйлөтүүчү ыкмаларды практикалык жол менен үйрөтүүгө жумшалды.

Окуунун устаты Н.Пихотанын айтымына караганда лонгрид жасоого киришерден алдың анда кандай маалыматтар болорун, алар кандайча чагылдырылышы керектигин журналист пландап алышы керектигин айтты.
Окуунун катышуучулары топ-топко бөлүнүп иштеп, "Паспорт алуу" жана "Мурас" темаларын бир катар лонгриддер менен жасап чыгышты.
Кыргызстандын түштүгүндөгү жактоочулар жана журналисттер окуу учурунда алгачкы жолу лонгрид жана инфоргафика ыкмасын "Тилда" жана "Инфограм" ыкмаларын колдонуп, алгачкы макалаларын даярдашты.
Долбоор: МУРАС
Долбоорду даярдагандар:
ОО «МЦ Интербилим» уюмунун PR-адиси журналист Гулиза Суванова
Ибрагим Жураев, юрист «Бир Дуйно Кыргызстан», Ош шаары
Долбоорду даярдагандар:
Султан Сулейманов, Ош МУнун студенти, Юридикалык факультет, 4-курс.
Дильдора Хаитова, юрист, Соттук инстанциялардагы жараяндарга мониториг боюнча байкоочу. Ош шаары.

Долбоорду даярдагандар:
Шазноза Насирова, Жалал-Абад коомдук саясий «Аймак» гезитинин кабарчысы
Байыш Маматов, IT-адис
Долбоор: МУРАС
Долбоорду даярдагандар:
Мухайё Абдураупов, Жактоочу "Позитивный диалог" коомдук фондунун кызматкери, Ош шаары.
Долбоор: МУРАС
Долбоорду даярдагандар:
Эльдар Юлдашев, РГСУнун юридикалык факультеттинин 4-курсунун студенти.
Ниязбек Кочкоров, адвокат Ош шаары.
Зилинга Виктор Никодимович, Ош облустук «Эхо Оша» гезитинин башкы редактору
Долбоор: МУРАС
Долбоорду даярдагандар:
Айтаңсык Кеңешова, студент, «МЦ Интербилим» уюуму
Наргиза Миркамиль кызы, студент, «МЦ Интербилим» уюму
Долбоор: ПАСПОРТ
Долбоорду даярдагандар:
Абдиллабек Авазов, «Баткен Таны» гезитинин кабарчысы
Азатбек Курбанбеков, ТРК «Баткен ТВ» кабарчы
Долбоор: ПАСПОРТ
Долбоорду даярдагандар:
Ыдырыс Исаков, "Азаттык" радиосунун кабарчысы
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website