Алтынай Галиева

Алтынай Галиева
Алтынай Галиева Ош шаарында 10 жылдан бери жактоочу болуп эмгектенип келет. Ал он жыл аралыгында юридиканын түрдүү барыттарында иштеди. Саламаттыкты сактоо тармагында мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, адам сатуунун курмандыктарына, үй-бүлөлүк зомбулук курмандыктарына жана мүлк көйгөйүнө кабылган адамдарга укуктук жардам берип жүрдү.

Алтынайдын өзүнүн айтымында ал, жөнөкөй жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы – геолог, апасы мекеменин инженер-технологу. Атысы дайыма юрист болууну эңсеп жашаптыр. Ошондон улам юридикага болгон сүйүүнү ал балдарына берген. Анын агасы укук коргоо тармагында иштеген, эжеси дагы юридика багытында эмгектенген.

По скаарманыбыз дайыма өзүн өстүрүп, коюлган максатка карай жүрүп отурат. Тээ окуучу кезинен эле Алтынай гуманитардык багыттагы сабактарды сүйүп окучу. Бул аны юридикага алып келди. Ал Барпы атындагы №38 мектепти аяктары менен Түркияга Теологиялык факультетке документтерин тапшырган. Кийинчерек Ош шаарына кайтып келери менен Ош МУнун юридика факультетине тапшырган. Окууну аяктап, өз адистиги боюнча ар кайсы мекемелерде иштеп жүргөн. Ошол эле учурда эсепчи адистигин да өздөштүрүп алган. Жашоо узак, ким болуп иштеп каларыңды эч ким билбейт. Бирок ал билим үчүн коротулган бир да күнүнө өкүнбөйт.
~
- Мен андан сырткары эл аралык сынакта жеңип, Психология боюнча Израилде 1.5 ай окуу мүмкүнчүлүгүн алганмын. Мен көп окуйм жана жактоочулуктун ар кандай багыттары боюнча иштейм. Менин жашоодогу милдетим – жардам берүү. Жашоодо ар бир адамдын аткара турган милдети болот. Менин милдетим – адамдарга жардам берүү экенин так билем, - дейт Алтынай Галиева

~
Жактоочулук кесип, аялдар үчүн оор экенине карабай Алтынай мыкты эне боло алды. Анын уулу мектептеги жетишкендиктери жана коомдук иш-чараларда көргөзгөн өнөрлөрү ар дайым апасын кубантып келет. Ал бардык бош убактысын баласы менен өткөрөт. Анткени ал "Бала бул - биздин өмүрдү жана максаттарды улантуучу бактыбыз жана тирегибиз" –деп эсептейт. Алтынай өзү чоң үй-булөөдө өскөн. Улууларды урматтоо сезими,жакындарга жардам берүү анда балалыгынан калыптанган. Ал мунөз аны адамдарга жардам берүүгө дайыма даяр ак жүрөк кылып калыптандырды.


~
Алган кесибиңдин чыныгы кесипкөйү болуп болуп калуу эң татаалы жана эң башкысы болсо керек. Эгер мага азыркы кесибимди башка алмаштыруу үмкүнчүлүгүн беришсе мен аны эч нерсеге алмаштырмак эмесмин. Мен ушул ордумда туруп адамдарга жардам берем. Кээде жумуштун айынан өзүмө, өзүмдүн туугандык мамилелериме зыян деле болот. Көп учурда такыр убакыт жетишпей калганда түнү менен болсо да кагаздар менен отуруп калам. Анткени мага ишенген, менден үмүт кылган адам менин жардамынды күтүп жаткан болот. Мен ошол ишенимди актоого милдеттүүмүн деп эсептейм

~
Каарманыбыз менен маектешүү учурунда анын берилүү менен айтып жаткан маегин байкап отуруп, ал өз кесибинин анык ээси экенине дароо ишенесиң. Жумуш кесип ээсине киреше гана эмес, эң алгач иштин жакшы жыйынтыгы менен рахат алып келиш керек.

Мисалы, Алтынайдын тажрыйбасында аялы менен ажырашуу тууралуу документтерди ырастап берүү суранычы менен бир киши кайрылган. Ал окуя жактоочунун сотто жеңүүсү менен эмес, эки жаштын карйрадан тил табышып, жарашуусу менен аяктаган.

2017-жылдын башында мен күбө болгон бир окуяны айтып берейин. Аялы менен ажырашуу үчүн кагаздарды ырастап берүүнү суранып жаш жигит кайрылды. Ал жигиттин сырткы көрүнүшү кыйла жагымдуу болчу, өзү да маданияттүү сүйлөгөнүнөн сабаттуу адам экени көрүнүп турду. Ал өз карьерасын жаңы баштаган жаш дарыгер экен. Үйлөнгөнүнө аз эле убакыт болгон. Баары сүйүү менен башталганын айтып отурду. Бирок эки тараптын тең ата-энелери бири-бирин жактырбай ортодо эки жашка ар түрдүү кеңештери менен басым жасап жатышыптыр. Бизде кеңеш гана акысыз болот го. Жаш дарыгер аз маяна алчу. Бул анын аялын түйшөлтүп жатыптыр. Ортодо бала төрөлгөндөн кийин аялы көп акча таап келүүсүн талап кыла баштаган, анткени чыгымдар көбөйгөн да. Ошол акчанын тартыштыгынан эки жаштын ортосундагы мамиле такыр сууп кеткен. Эки тарап тең бири-биринин дарегине суук сөздөрдү айтып салышкан.

Негизи жактоочулар үчүн ажырашууну каалагандардын кагаздарын ырастап берүү анча деле татаал жумуш эмес. Кагаздарды ырастоо, сотко арыз жазуу, эгер балдары болсо алимент кырктыруу. Ишти бир айдан 3 айга чейинки мөөнөттө бүтүрүп коюга болот. Өзүмдүн ишакымды алып эле кала берсем болот. Бирок бул окуяны угуп отуруп, мен ишти башкача чечүүнү ойлодум. Жаш дарыгерди кунт коюп угуп, ар кандай суроолорду берип отуруп, үй-бүлөөнү сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар экенин түшүндүм. Мен өз чөнтөгүмөн каражат сарптап, анын айылда жашаган аялына бардым. Мен анын аялы менен жолугуп, көп нерселер тууралуу сүйлөшүп отурдук. Анан мен андан "Чындап эле ажырашуунуу каалайсыңбы?" –деп сурадым. Анан ал келин жолдошун жакшы көрөрүн, ажырашууну каалабастыгын, тек гана кыйынчылыктар болуп атканын айтты.

Мен эки жашты жолуктурдум. Алар ачык сүйлөшүп бардык талаштарга чекит кое алышты. Биздин ата-энелер менталлитеттен улам да эки жаштын ишине кийлигишкенди жакшы көрүшөт. Бул албетте жакшы. Бирок алар берген кеңешдерди арасында эки жашты уруштуруп кое турган сөздөр да айтылып кетет. Мен аларды өз ара ачык сүйлөшүп, таарынычтарын ачык айтып, талашты чечтип алууга үндөдүм. Менин ал кадамым туура болуп чыкты. Ошол окуядан бери бир жыл өттү. Алар ажырашкан жок, тескерисинче ынтымакта жашап жатышат. Алар менен мен өзүм да дос болуп калдым. Алар менен азыр да сүйлөшүп турам. Кеңештеримди берм. Кыскасы алардын талашы чоң чатакка өтүп кетишинин алдын алып турам десем болот.

Ал окуя сотко жетпей жакшылык менен бүткөнүнө мен абдан кубандым. Мен алар бири-биринин дерегине айткан сөздөрдү укпаганга, тескерисинче ортодогу балага көңүл бурууга аракеттендим. Анткени бири-бири менен ачык сүйлөшө албаган адамдар гылдап соттошушат. Бири-бирине көптөгөн жагымсыз сөздөрдү айтышат. Мындай чыр аламды ар тараптан жүдөтөт.

Мен ушул эстафетаны менин башка да кесиптештериме узаткым келет. Анткени жактоочулар көп ишти сотко жеткирбей тынчтык жолу менен чечип сала алышат.

Алтынай Галиева
~
Менин оюмча жактоочу бир аз психолог да болууга тийиш. Анткени көбүнчө адамдар өз көйгөйүн айтып берип, өзүн түшүндүргүсү келет, жок дегенде моралдык жактан жардам алууну каалашат. Тек агана алар айткан сөздөрдү колдоп баш ийкей берүүнү туура эмес деп эсептейм. Маалыматты тактоочу сууроолорду берсең алар жооп берип отуруп акыры көйгөйдүн өзөгүнө өздөру алып барышат. Дайыма көйгөйдүн булагын тапканга жана анын кесепети эмне болорун толук түшүнүү зарыл. Анткени анын артынан "Ташталган мышык эффекти" жаралат.

~
1
Бир киши жумушунда жетекчилигинен сөгүш алган. Бирок жетекчилиге каяша айталган эмес. Мунун кесепетинен оюн ичине катып, таарынычы күчөй берет. Анткени биз баарыбыз адамбыз. Терс эмоцияларды өзүбүздө топтоп көпкө чейин ичте сатап жүрө берүү оор. Аны кайдадыр чыгарышыбыз керек.
2
Ал киши үйүнө барат, анан аялы менен жаңжалды баштайт. Анткени аял күчсүз, биздин чыгыш менталлитетибиздин таасиринен улам аялы да ага карата каяша айта албайт.
3
Ошентип, эркек киши өзүнүн терс эмоциясын аялына чачат, аялы аны балдарына чачат.
4
Бала болсо аны апасы да, атасы да сүйбөйт деп ойлойт да ичинен таарынат, анан өзүндөгү терс эмоцияны өзүнөн да күчсүз мышыктан чыгарууну чечет. Мышыкты алып, терезеден ыргытып жиберет
5
Келип-келип жетекчинин сөккүсүнүн кесепетин үйдө бейкапар жаткан мышык тартат. Бирок аны эмне үчүн терезеден ыргытып жибергенин түшүнбөстөн кала берет.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website