Мухайё Абдураупова

Анын негизги принциби – Баары мыйзам чегинде болууга тийиш

Мухайё Абдураупова
Анын негизги принциби – Баары мыйзам чегинде болууга тийиш

Мухайё Абдураупова Ош шаарында жактоочу болуп 6 жылдан бери эмгектенип келет. Ал кесиптик ишмердин юристтин ассистенттигинен баштаган. Убакыттын өтүшү менен өзүнүн квалификациясын жогорулатуу зарылчылыгы келип чыкканын түшүнгөн. Шентип, 2012-жылы жактоочулук лицензия алып, коомдун аялуу катмарына укуктук жардам көрсөтүү үчүн «Позитивный диалог» коомдун негиздеген.


~
- Университеттин юридикалык факультетин аяктап, мен юристтин ассистенти болуп иштеп калдым. Студент кезимде мен ыктыярчы болуп иштеп жүргөнмүн. Окууну бүтүп, дипломду алгандан кийин мени жумушка чакырышты. Мен адамдарга укуктук жактаң кеңеш берип иштеп жүрдүм. Ошентип, 2002-жылдан 2012-жылга чейин ар кайсы өкмөттүк эмес уюмдарда иштедим, тажрыйба топтодум. Менин негизги жумушум – элдин жана укук коргоо органдарынын укуктук сабатын көтөрүү болчу.


~
Мухайё Абдураупова менен маектешип жатып, орто бойлуу, арык чырай, назик аялдын ушунча эрдикти кайдан алганына таң каласыз.
~

Мен юридика тармагында жаңыдан иштей баштаганда эле адамдарга жардам берүү кызык ктюлган. Менден жардам сурагандардын көбү аялуу катмардын өкүлдөрү эле. Аялуу катмардагы адамдарга акысыз жардам берген өкмөттүк эмес уюмдардын бар болгому абдан маанилүү. Анткени алардын адвокат жалдап алууга акчасы жок. Мен ошол ишимден абдан жашкы жыйынтыктарды көрдүм. Адам катары ыраазы болушту, ракмат айтышты. Адатта менден жардам сурап келген адамдардын оюнда берген жардамы үчүн бул кыз канча акы сураар экен деген суроону байкам. Анан аларга жардам акысыз экенин айтам. Ошондо алар менен иштешүү кыйла жеңилдей түшөт.
~

Мындан сырткары, Мухайё өзүнүн устаттарынан көп тажрыйба алганын айтып келет. Ал 2012-жылдан тартып, «Позитивный диалог» коомдук фондунун жетекчиси болуп калды.

~
Юридика тармагындагы ар түрдүү уюмдарда 2002-жылдан 2006-жылга чейин иштеп мен дагы өсүшүм керектигин, жактоочулук лицензия алып, адамдарга толук кандуу жардам беришим керектигин түшүндүм. Учурда менен «Позитивный диалог» коомдук фондун башкарам. Биздин фонд негизинен аялдарды коргойт. Маселен, бизге үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон, укук коргоо органдарынын кыйноосуна учураган аялдар кайрылышат

~
Бул аял, бир эле учурда жактоочу, эне жана жар болуп келет. Ал, жумуш менен үй-бүлөө түйшүгүн айкалыштырууда көп деле кыйналбаганын, кээде гана бош убакыттарды үйгө эмес жумушка арнап коюга туура келерин айтат

~
Менин үй-бүлөм менин жумушума түшүнүү менен карайт, жолдошум мени колдоп турат. Кээде иш сапарга чыгууга же жумушта көпкө кармалууга туура келет. Бирок мен ар дайым үйгө, үй-бүлөөмдү көрүүгө шашам. Жактоочулук кесип бул –чыгармачыл кесип. Адамдарга жардам берүү үчүн дайыма жумушка чыгармачылык менен мамиле кылып, логикалык көз караш менен ойлонууга туура келет

~
Жактоочунун айтымында ага адамдардын арыз арманын угуп отуруу кыйынчылык жаратат. Анткени ал аял катары, эне катары жардам сурап келген адамдардын арыз-арманын өз ичинен өткөрөт. алардын көбү жеке тагдырлар, зээнди кейиткен ачык айтылган сөздөр. Бирок ал адамга жардам берүүдө эмоцияга көп берилбей, аны коргоого алуунун жолун ойлонуусу керек экенин түшүнөрүн айтат.
Мен 2006-жылы жактоочулук лицензияны алганмын. А 2012-жылдан бери нагыз жактоочу катары иштеп аялдардын укуктарын коргоп келем. Аялдар менен канчалык көп иштеген сайын алар жардамга көбүрөөк муктаж болушарын түшүнүп атам. Анткени бизге жардам сурап кайрылган аялдардын көбү аз камсыз болгон, толук билим албаган, турмушка эрте чыккандар болуп чыгышат. Мындай аялдарда сапаттуу жактоочу жалдап алууга мүмкүнчүлүгү болбойт
Мухайё Абдураупова
Ар бир өзүн урматтаган жактоочу өз кызматына жараша иш акысын талап кылат. Бирок айрым адамдардан акы суроо да ыңгайсыз учурлар болот.
~
Кээде мага азырын айтып келген аялдарды угуп отуруп алар менен кошо ыйлайм. Мен аял катары аларды жакшы түшүнөм. Мисалы мага уурулукка айыпталган аял жардам сурап келсе, ал эмне үчүн уурулукка барганын түшүнгүм келет. Балким ал аялдын балдары бардыр, аларды жалгыз багып аткандыр, аларды багуу үчүн башка жол таппагандыр деп ойлоном. Мындыгында эле айласыздыктан уурулукка барган аялга жаза эмес жардам керек го

~
Мухайё Абдурауповага жалаң эле аялдар эмес эркектер да жардам сурап кайрылышат.
Мен аялдар менен иштегендей эле, эркектер менен деле кыйналбай иштей берем. Баары кардардын мага ишениминен көз каранды. Анткени мен дайыма "Баары мыйзам чегинде болушу керек!" -деген принцип менен иштейм. Мен кардарларыма күнөөң болсо ачык айт. Кечирим сура, уурдасаң кайтарып бер, балким жазаң жеңилдейт деп айтам. Эгерде күнөөсүз болсо айыпты монуңа мажбурлап алдырууга эч кимдин акысы жок, аягына чейин күрөш, далилдерди тап -деп айтам
Мухайё Абдураупова
М.Абдураупова үчүн өтө оор болуп аткан талаштуу соттук иш тууралуу айтып берди. Учурда ал подполковник Т.Уларовдун өлүмүнө айыпталып жаткан Наргиза Раджабованы сотто коргоп келет.
~
Мага Наргиза аттуу аял кайрылды. Ал аялдын жолдошу менен иниси Т.Уларов аттуу полполковниктин өлүмүнө айыпталып кармалганын, өзүн кармоо учурунда милиция кызматкерлери кандай мамиле кылышканын, айыпты мойнуна алдыруу үчүн кандай аракеттерге барышканын айтты. Анткени Наргизага маркум Уларов менен интимдик байланышта болгон, анын айынан жолдошу милицияны өлтүргөн деген айып коюлган эле. Бирок Наргиза да, маркум Уларовдун аялы да андай болгон эместигин айтышат. Бул өтө жагымсыз окуя, ошентсе да мен ал аялга адилеттикке жетишине жардам берүүнү чечтим. Ал аял боюнан түшүп баласын жоготту. Бул эне үчүн абдан оор сезим. Бул иш боюнча соттук угуулардын биринде жабырланган тарап менен айыпталуучу тарап кайым айтышып отуруп, чатак мушташууга айланып кетти. Мени жана Наргизаны таяк жеп калуудан коргоо үчүн атайын машине менен алып чыгышты. Адамдар сөз менен оюн жеткире албай, же бири-бирин угалбай мушташка өтүп кетиши өтө коркунучтуу болот экен

Анын айтымында Наргизанын күнөөсуз экенин далилдөөчү бир нече фактылар сотко сунушталган



Учурда Наргиза эркиндикте, бирок анын жолдошу менен иниси камакта жатышат. Наргизаны анын атасы менен туугандары колдоп жатышат. Бирок бул окуяда жабырланган тарап, милиция кызматкери болгондугунда

~
Мухайё Абдураупова андан жардам сурап келгендерге укуктук жактан кеңеш гана берип койбостон, аялдарга жардам бере турган башка уюмдар тууралуу да маалымат берерин айтат
Мисалы, биз социалдык жардам алуу укугуна ээ кенин, балдарга жөлөк пул берүүгө мамлекет милдеттүү экенин айтып, социалдык кызматтарга жиберебиз. Ишке жайгашуу мүмкүнчүлүгү бар экенин же кесип алуу үчүн кайда кайрылуу керектигин айтып, аларды керектүү даректерге жолдойбуз. Уй-бүлөлүк зомбулук курмандыктарын, кризистик борборлордо табыштайбыз. Кыскасы биздин жумуш аларга укуктук жардам көрсөтүү менен эле чектелбейт
Мухайё Абдураупова
Жактоочу М.Абдураупова тоскоолдуктарга карабай укуктук баалуулуктарды коргоого батыл киришкен аз гана аялдардын бири. Ал максатты бийик коюп, ага жетүү үчүн жанын сабап иштеген адистердин бири
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website